Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Окуялар тизмеги 01 Мар 2021 19:09
0 ой-пикир

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМКга жеке ишкер андан уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү опузалап акча талап кылгандыгын билдирген. Аталган адамдар андан 28 миң доллар талап кылышып, болбосо анын жеке мүлктөрүн аларга өткөрүп берүү керектигин айтышкан.

27-февралда ишкерден миң доллар акча алып жаткан жеринен 35 жаштагы Б.М. жана 51 жаштагы А.А. аттуу жарандар кармалды.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган адамдар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.