5 миңден ашуун абоненттин электр энергиясы өчөт

Окуялар тизмеги 26 Фев 2021 13:55
0 ой-пикир

«Түндүк электро» ишканасы 1-марттан тартып 5 миңден ашуун абоненттин электр энергиясын өчүрөрүн эскертти. Ишкана тараткан маалыматка ылайык кардарлардын көбү электр кубаты үчүн февраль-март айларына чыккан акчаны, айрымдары ага чейинки акыны жаппай келаткандар.

Кыргызстанда быйыл электр кубатынын таңсыктыгы жаралып, аны пайдалануу лимиттен бир нече эсе ашып кеткенин «Улуттук энергохолдинг» мамлекеттик компаниясынын жетекчиси Бакыт Сыдыков 24-февралда парламентте билдирген. Сыдыков электр кубаты үнөмдөлбөсө 1-апрелге карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 5 млрд. куб метрге чейин азаярын, андай жагдайда ГЭСтин ишин токтотууга туура келээрин айткан.

«Токтогул» гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү 26-февралга карата 9,728 млрд. куб. метрди түздү. Былтыр ушул күнү чөйчөктө 12,745 млрд. куб метр суу болгон.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.