Чүй ОИИББнын кызматкерлери тарабынан “Хизбут –Тахрир” диний экстремисттик уюмунун көз карашын жайылтууга шектүү жаран кармалган

Окуялар тизмеги 25 Фев 2021 07:56
0 ой-пикир

Чүй облусунун ИИББнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы
аракеттенүү кызматы тарабынан интернет түйүндөрү аркылуу Кыргыз
Республикасынын аймагында тыюу салынган диний экстремисттик уюмдардын
биринин көз карашын камтыган материалдарды таркатып жаткан аккаунт
аныкталган. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине
Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 315-беренеси (Экстремисттик
материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш
иштери башталган.
Алынган материалдарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, жыйынтыгында
жогорудагы аккаунт аркылуу таркатылган материалдарда Кыргыз
Республикасынын аймагында тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” диний
экстремисттик уюумунун көз карашын камтыган материал бар экендиги
аныкталган.
Чүй облусунун ИИББдүн экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы
аракеттенүү кызматы жана Сокулуку РИИБдүн кызматкерлери тарабынан
жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 2021-жылдын 23-февраль күнү
Жалал-Абад облусунда туулуп өскөн 43 жаштагы Б.Э., Бишкек шаарындагы
үйлөрдүн биринен кармалган.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки
өндүрүш иштери улантылууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.