УКТнын мүчөлөрүнө өлкө президенттигине, парламенттин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайлануусуна чектөө коюлат

Окуялар тизмеги 19 Фев 2021 13:34
0 ой-пикир

Ички иштер министрлиги «Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Документ өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө өлкө президенттигине, парламенттин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайлануусуна чектөө коюлат.

Мурдараак ИИМ 2020-жылы киши өлтүрүү, денеге оор залал келтирүү, адам уурдоо, опуза, талап, каракчылык сыяктуу оор кылмыштар менен 127 уюшкан кылмыштуу топко таандык тараптар кармалганын кабарлаган.

Мындан бир нече жыл мурда ИИМ уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган адамдардын толук тизмесин жарыялаган. 

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.