Онлайн-тегерек стол: “Үй-бүлөлүк зомбулук: түшүнүктөр, өзгөчөлүктөр, алдын алуу жана чара колдонуу көйгөйлөрү”

Аналитика, Окуялар тизмеги, Тегерек стол 19 Фев 2021 17:13
0 ой-пикир

Үй-бүлөлүк зомбулук коомчулуктагы эң курч жана жайылган социалдык көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. Былтыр дүйнө жүзү боюнча 243 миллион аялдар жана кыздар сексуалдык же физикалык зомбулукка туш болушкан.

Буга чейин Кризистик борборлор ассоциациясынын изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда ар бир экинчи аял жолдошунун зомбулугунан сырткары экономикалык жана психикалык басмырлоого туш болору жарыялаган болчу. Бирок зомбулукка туш болгон аялдардын баары эле укук коргоо органдарына кайрыла беришпейт.

Elgezit.kg редакциясы Норвегиялык Хельсинск Комитети менен биргеликте үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйүнө байланышкан бир катар макалаларды жарыялаган. Бул курч жана актуалдуу көйгөйдү чагылдыруу менен бирге Elgezit.kg редакциясы онлайн тегерек стол уюштурду. Ага бул көйгөйгө кайдыгер карабаган жана аны иликтөө менен алек болгон адамдар катышышты.

Катышуучулар:

· Шамиль Ибрагимов, Сорос фондунун аткаруучу директору

· Наристе Алиева, поэтесса, сүрөтчү, медиаэксперт

· Олег Бондаренко, «Новая литература Кыргызстана» долбоорунун координатору

· Нуржамал Баратова

· Расул Бердибеков

· Асель Асанова

· Кайрат Мукашов

· Айзат Мергенбаева

· Зауре Халбаева

· Медер Алыбаев

· Гульназ Жоробекова

· Дарина Халмурзаева

· Дмитрий Строев

· Насипкуль Арапбаева

· Александр Тен

· Асель Сыдыкова

Модератор: Күндүн жүрөк өйүткөн көйгөйү — үй-бүлөлүк зомбулукка кайдыгер карабай, катышууга макул болгонуңуздарга ыраазычылык билдирем. Келиңиздер, талкуубузду баштайлы. Биринчи суроо.

Сиздин оюңузча зомбулукка эмне түрткү болот?

Нуржамал Баратова: Зомбулук патриархаттан улам пайда болот жана эркектер аны колдоп келишет (же эч кандай чара көрүшпөйт). Кыргызстанда укук коргоо органы 90% эркектерден турат жана зомбулук күч алууда, эркектер башкаларды сабайт, ошол эле эркектер зомбулуктан жапа чеккендерге жардам беришпейт. Зомбулук көйгөйүн чечүү үчүн алардын билими жетишсиз, иштелип чыккан процедуралары жок, ал эми жабырлануучу тиешелүү жардамды ала албай калат. Зомбулукка баргандардын жазаланбаганы жана аялдардын экономикалык жактан көз каранды болгону алардын зөөкүр-эркектерден коргонуусуна мүмкүнчүлүк бербей келет, алар патриархат чегинен чыга албай келишет.

Модератор: Туура пикир. Расул сиз бул тууралуу кандай пикирдесиз?

Расул Бердибаев: Зомбулук тарбиядан, үй-бүлөдөгү абалдан башталат. Менимче, зомбулук рекурсивдүү. Ага бир мисал – армиядагы “дедовщина”. Логика мындай: мага да ушундай мамиле кылышкан – ушундай кылыш керек – мен дагы ушундай кылам. Зомбулукту кадимки көрүнүштөй санашат.

Асель Асанова: Биздин патриархалдык коом аялдарга жана балдарга карата зомбулукту актап келишет. Зөөкүрлөрдү жазалай турган Мыйзамдардын жоктугу да себеп. Экономикалык көйгөйлөр (жумушсуздук, маянанын аздыгы дагы үй-бүлөдөгү абалды курчутууда). Зомбулукту ТВ аркылуу, ММКлар аркылуу көрсөтүүдө, компьютердик оюндар аркылуу дагы зомбулук кадимки көрүнүштөй болуп, жада калса катаал мамиле мода катары кабыл алынууда. Кээ бир үй-бүлөлөрдө тарбиялоодо дагы физикалык зомбулукту колдонушат – желкеге урушат, кур менен сабашат. Физикалык зомбулук – бул физикалык кол салуу экенин түшүнүү керек, ал дайыма жаман сөздөр, психикалык травма менен коштолот.

Кайрат Мукашов: Бала кезинде зомбулукка туш болгон адамдар чоңойгондо да зомбулукка барышат деп ойлойм. Үй-бүлөлүк зомбулукта үй-бүлөнүн финансылык абалы, башкалар тарабынан кыйноо менен баш кошкондук да себеп болууда деп ойлойм.

Айзат Мергенбаева: Зомбулук кылган адамдардын жазаланбаганы жана коомчулуктун көңүл кош мамилеси дагы зомбулуктун көбөйүүсүнө алып келүүдө. Көпчүлүк аял/бала өлүм алдында турганын эле зомбулук деп санашат. Сабоо, абройго шек келтирген сөздөрдү айтуу, укуктарын бузуу, эркиндигин чектөө балдарды, аялдарды тарбиялоодогу кадимки көрүнүш катары кабыл алынат. “Өзү ошондой мамилеге татыктуу болчу, тилин тартпайт” дегендерин көп угам… ж.б. көптөгөн нерселер зомбулукту актап келет. Укук коргоо органдары зомбулукка туура реакция кылышпайт. Аял милицияга арыз жазып кайрылса укук коргоо органдары аны кароонун ордуна “урушту үйүңдөн алыс чыгарбаш керек” дешип, аялды жектешет. Стереотиптер, патрирахалдык көз караштар кеңири жайылган.

Медер Алыбаев: Балким бул бир нече элементтердин топтолгону же алардын жоктугу. Жакырчылык, билим ж.б. Бул элементтер биригип жакшы же жаман натыйжа берет. Ал эми Х фактор тууралуу айтсам – бул тереңде, ар бир адам өзүн тапкысы келет, эгерде мүмкүнчүлүк жок болсо анда зомбулукка барат.

Гульназ Жоробекова: Биздин тарбия дагы зомбулукка түртөт, өзүн жеке адам катары кабыл албоо, өзүно ишенбөө, өзүн баалабоо, сыйлабоо.

Дмитрий Строев: Мен тереңден изилдеп жатып зомбулукка ар бирибиз себепкербиз деп ойлойм, мен да, сиз да, ар бирибиз. Биз өзүбүз байкабастан башкаларды басмырлап турабыз, ата-энелер балдарына бул туура, бул туура эмес деп турушат, аны кичинекей санашат, күйөөсү аялына үйрөтөт, аялы күйөөсү ичкенине, достору менен жүргөнүнө каршы дегендей…Бул жөнөкөй эле мисалдар, бул маселенин түбү өзүбүздө жатат. Мугалимдер окуучуларга карата басмырлаган мамиле кылуусу, жетекчинин кызматкерге болгон мамилеси, улуулардын кичүүлөргө кылган мамилеси, күчтүүнүн алсыздарга жасаганы мамилеси дагы себеп. 21-кылымда жашап жатып биз орто кылымдан берип калыптанган нерсени өзгөртүүгө аракет кылбай, кабылдап келебиз. Ошентип зомбулук кадимки көрүнүштөй кабыл алынып калган, бул өтө коркунучтуу.

Насипкуль Арапбаева: Зөөкүр улам жаңы зобулук түрүн колдонуп, эч кандай жаза албаганы көйгөйдү курчутуп жатат деп ойлойм. Жабырлануучулар зомбулук жасаган адамдарды кечиримдүү болууга чакырууга каршымын. Зөөкүр зомбулук мамилеси үчүн эч кандай жаза албаганына көнүп калат дагы, дагы да болсо ошондой аракеттерин уланта берет, тилекке каршы, мындай адамдарда чек жок…

Александр Тен: Көңүл коштук. Үй-бүлөлүк зомбулук кошунаныкында, тааныштардыкында, туугандардыкында болуп жатса эч ким унчукпайт: өздөрүнүн үй-бүлөсү, чечишип алышат дешет.

Асель Садыкова: Бардыгы бала кезден башталат. Бала кезимде дайыма мен тааныбаган кишилер өпсө, кучактаса качууга аракет кылчумун. Ата-энем болсо: “Булар туугандар да, учураш, барып өп” дешчү. Натыйжада мен тааныбаган кемпир (биринчи жолу көрүп жаткам) менин бетимди шилекейлеп, өпкүлөп кирет. Ушундай учурларда тааныбаган адамдардын өпкөнү, кучактаганы кадимки көрүнүш катары кабыл алынат. Бирок балдарды тааныбаган киши өппөш керек го. Ата-энелер балдарын тааныбаган туугандарын өбүүгө мажбурлагандыктан алар өзүнүн чек арасын сактай албай калышат, өзгөчө кыздар. Аларга бул жакпаса да бул тууралуу айта алышпайт, “ушундай болуш керек”, “тарбия” деп ойлошот ж.б.

Бакыт Салиев: Зомбулук үй-бүлөдөгү иерархиялык мамиледен улам пайда болот, кайнене-келин, күйөөсү аялынан жогору турат, келинди кайын-журту бардык жинин чыгаруучу адам катары көргөнү да түрткү болот.

Көпчүлүк учурда үй-бүлөдө аялдын укуктары сакталбайт, аны кызматчы катары кабыл алышат, ал үйдө баарын кылышы керек, милдеттүү деп санашат… Көпчүлүк учурда балдарды тарбиялоо аялдардын мойнуна жүктөлгөн, үй-бүлөлүк бюджеттин тартыштыгы дагы уруштун башаты болот. Себеби аял балдары үчүн көп тынчсызданат, алардын тамак-ашын даярдайт, окуусун карайт, акча жок калса аялы күйөөсүнө айтат, ал болсо жоопкерчиликти сезбейт дегендей.

Үй-бүлөдөгү аялдын ушундай ролу зомбулукка себепчи болот.

Дарина Халмурзаева, Сорос фондунун аткаруучу директору: Зомбулукка акчанын тартыштыгы, билимдин жетишсиздиги да түрткү болот. Кыргызстанда эл жакыр жашарын түшүнүү зарыл, дал ушундай абал зомбулукка түртөт. Адам эмоциясын башкара албай калат дагы, жалгыз эле физикалык мүмкүнчүлүгүн колдонуп баштайт. Адамдар өзү тууралуу ойлонууга убакыт табышпайт! Өзүнүн кыялы тууралуу ойлонууга убакыты тартыш болот.

Шамиль Ибрагимов: Зомбулукка көп нерсе таасир этет деп ойлойм. Өзгөчө коомдун агрессивдүү болушу. Эл өзүнүн коопсуздукта экенине ишенбейт, ал эми агрессия өзүн коргоо жолу катары кабыл алынат дагы, дагы көбүрөөк агрессияны жаратат. Ал эми үй-бүлөлүк же гендердик зомбулук тууралуу айтсак, жазанын жоктугу абалды күчөтөт. Бизге мэр болчу адам элдин көзүнчө эле аялды урган, ал ушуга жеткирди деп өзүн актады жана эч кандай жоопко тартылган жок. Анысы аз келгенсип мэр кызматын сунушташты. Муну менен кантип күрөшүү керек? Зомбулук көрсөткөндөрдү жазасыз калтырбаш керек.

Системалык дагы көйгөйлөр болушу мүмкүн. Мисалы, милиция кызматкерлери эмнеге үй-бүлөлүк зомбулукту каттагылары келбейт? Мунун сыры тереңде деп ойлойм. Мисалы, зомбулукка байланышкан иштер тууралуу отчет берип жатканда, бул иш жабылбаган бойдон калышы мүмкүн жана карьералык өсүшүнө кедергисин тийгизет. Балким жетекчилиги статистиканы бузбайлы деп зомбулукту каттабагыла деши мүмкүн. Муну изилдеп, системалык көйгөйлөрдү таап, милиция эмнеге үй-бүлөлүк зомбулукка көңүл кош карарын аныктап, реакция кылгандарга мотивация бериш керек. Ошондо биз максатыбызга жакындайбыз.

Зауре Халбаева: Зомбулукка түрткөн себептер көп. Балким, үй-бүлөдө бул кадимки көрүнүш болгон чыгар: атасы апасын, бир туугандарын сабачу же бир туугандар бири-бирин ур-токмокко алчу дегендей. Ошондой эле өзүн баалабоо, алкоголь, баңгизат, коммуникация көйгөйлөрү, социалдык, психологиялык жана психиатриялык көйгөйлөр, депрессия, өзүн-өзү көзөмөлдөй албоо, агрессия, эрте бойго бүтүү, балдарын жоготуу, физикалык жана психикалык жетишсиздик дагы себеп.

Олег Бондаренко, «Новая литература Кыргызстана» долбоорунун координатору: Зомбулук караңгылыктан, башка адамды сыйлабастыктан келип чыгат. Ошондой эле алсыздык, бала кезден бери калыптанып калган психологиялык матрицалар да себеп. Эгерде атасы баласын урса, баласы чоңойгондо башкасын урат. Бул жерде мүнөз, жеке чечимдин жоктугу роль ойнойт, ал мурда көргөнүн кылат.

Зомбулук саткындыкка барабар деп ойлойм. Саткынчылыкты кечирүүгө болбойт, жашоосунан чийип салышат. Зөөкүргө да ушундай мамиле кылыш керек. Эгерде андай кыла албасаң, анда сен алсыз адамсың. Күчүктөрдү ушинтип үйрөтүшөт: бир жолу каап алса – тишке чабышат, экинчи кайталабагыдай кылат.

Наристе Алиева, акын, сүрөтчү, медиаэксперт: Мен атам бардык жакшы нерсеге башкача көз караш менен караган үй-бүлөдө чоңойгонум үчүн Жаратканга ыраазымын. Атам жашоодогу кооз нерселерди баалаганды билчү, апама, кыздарына сүйүү менен, аяр мамиле кылчу. Ошондуктан мен үчүн зомбулук бул эң жаман нерселерге барабар. Аялдарга карата зомбулук — бул сабатсыздыктын, руханий жетишсиздиктин жана инсандык деградациянын белгиси. Зордук-зомбулук — бул алсыздыктын, адамгерчиликсиздиктин белгиси. Зордук-зомбулукту колдогондор адам адам эмес, желмогуз, дүйнөгө кыйратууну жана жек көрүүнү таратат. Аялдарга карата зомбулук — бул геноцид, тукумдун, балдарынын каргышы.

Модератор: Кызыктуу жоопторуңуздар үчүн рахмат. Жогоруда айтылган пикирлерден улам мындай жыйынтык чыгарууга болот: зордук-зомбулук үй-бүлөлүк билим берүүдөн башталат. Эми экинчи суроого өтөлү.

Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын жашыруу эмнеге алып келет?

Нуржамал Баратова: Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын жашыруу зомбулуктун көбөйүүсүнө жана жазасыз калууга алып келет. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар жакшы ой жүгүртө албай, өзүнө жардам бере албай калат. Зомбулукту жашырган учурда жабырлануучу өзүн эч кимге кереги жоктой сезет. Зомбулуктан жапа чеккендер андан ары өз балдарына, туугандарына начар мамиле кылып, зомбулукту жайылтат.

Расул Бердибеков: Зомбулукту жашыруу үй-бүлөлүк зомбулуктун көбөйүүсүнө алып келет.

Кайрат Мукашов: Зомбулуктун көбөйүүсүнө, балдардын психологиясынын бузулуусуна алып келет.

Асель Асанова: Ден соолукка зыян келтирип, коркунучка алып келет.

Айзат Мергенбаева: Фактыларды жашыруу үй-бүлөдө зомбулуктун көбөйүүсүнө алып келет. Анткени, зомбулук чай ичкендей эле кадимкидей көрүнүш болуп калат. Ал эми зөөкүрлөр өздөрү алардын аракеттери кандай натыйжаларга алып келери тууралуу ойлонушпайт. Балдар жана аялдар коопсуздук сезимин жоготушат, эч кимге ишенбей калышат, алар зомбулукка учураганда эч ким жардам бербегенин унутушпайт. Укук коргоо органдарына ишенимдин жоктугунан зомбулуктан жапа чеккендер өзүн коргоп жатып бирөөнү өлтүрүп алышы мүмкүн.

Зауре Халбаева: Айтуу кыйын. Менимче, жапа чеккендердин уйкусу тынч болбой, жаман түштөрдү көрүшөт, бир мүнөз болуп, жалгыздыкты самап калышат, эмоционалдуулук жоголот, депрессияга түшүшөт, баңгизаттарын колдонуп башташат, агрессивдүү болушат, өз өмүрүнө кол салышат.

Гульназ Жоробекова: Психологиялык травмага алып келет, балдардын психологиясы бузулат, аягында аялдар өлүмгө дуушар болот…

Дарина Халмурзаева: Бул көйгөйдү чечүү үчүн ачык талкуу жүргүзүү зарыл. Фактыларды жашыруу зомбулукту көбөйтөт. Жашыруу ооруга, балдардын психологиясынын бузулуусуна, өлүмгө, түрмөгө жетелейт…

Дмитрий Строев: Мен зомбулук анан үй-бүлөлүк зомбулук деп бөлбөйм. Зомбулук дагы зомбулукка түртөт, физикалык болбосо дагы моралдык зомбулукка.

Насипкуль Арапбаева: Унчукпоо кыйынчылыктарга, агрессиянын жана курмандыктардын санынын көбөйүшүнө алып келет.

Асель Садыкова: Үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу айтпасак, ал тууралуу эч ким билбей кала берет. Эгерде кандайдыр бир жол менен коомчулукка жетсе, талкуу, нааразычылыктар жаралат жана жапа чеккендерди күнөөлөп башташат. Ошондуктан көпчүлүк үй-бүлөсүндөгү абалды ачыкка чыгарбайт. Ошондуктан айрым айымдар жашырып келишет.

Александр Тен: Өзүнө ишенбеген, сүйө албаган балдар тарбияланат. Көбүнчө балдар да, аялдар да колдоосуз калышат. Кыздар да балдар да репордуктивдүү ден-соолук, үй-бүлөнү пландоо тууралуу маалыматка ээ болуп, эрте турмуш куруунун терс жактарынан кабардар болушу керек, алар билим алууга умтулушу зарыл, натыйжада үй-бүлөнүн саламаттыгы, үй-бүлөдөгү мамиле тууралуу кенен билип башташат.

Бакыт Салиев: Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын жашыруу коркунучтуу кесепеттерге алып келет: физикалык, психикалык … Өлүмгө … Бул баарынан коз карандылыкка түртөт. Бул психикалык зомбулук болсо дагы аял зомби сыяктуу болуп калат, ал күйөөсүнүн, туугандарынын, коомчулуктун пикиринен көз каранды болуп калат. Мен да айылда өскөм, бул нерсе туура деп ойлочумун. Ал эми салттар эркектерге ылайыкталып калгандай сезилет. Аялдарга абдан боорум ооруйт. Аялдарды кодулоо салты байыртадан эле көптөгөн улуттарда бар.

Шамиль Ибрагимов, Сорос фондунун аткаруучу директору: Аялды же баланы уруу кадимки көрүнүш деп кабыл алган практика сакталып кала берет. Бул укук коргоо системасына болгон ишеничтин жоктугунан кабар берет. Тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу мамлекеттин милдети. Зомбулук фактыларын жашыруу мамлекетке болгон ишенимди жоготот.

Олег Бондаренко, «Новая литература Кыргызстана» долбоорунун координатору: Зомбулук фактыларын жашыруу аны менен макул болууга барабар. Макул болгула. Кабыл алгыла. Сиз алсыз адамсыз. Өз жолуңарды өзүңөр тандагансыңар.

Модератор: Жоопторуңуздар үчүн баарыңыздарга ыраазычылык. Мен да өз пикиримди кошуп койсом, Кыргызстанда аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук жана кыз ала качуу абдан көп. Аялдар билимине, экономикалык жана социалдык макамына, жашына карабастан зомбулукка кабылышат.

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарга жардам көрсөтүүнүн өзгөчөлүгү коомдо «зомбулукка аялдар өзү күнөөлүү, алар өздөрү зомбулукка түртөт, аялдар бардык нерсеге чыдашы керек» деген стереотиптик көз-караштын негизинде коомдо белгилүү бир ченемдердин жана көз караштардын болушу менен байланышкан.

Натыйжада кризистик абалга туш болгон аялдар үй-бүлөсү, жакындары тарабынан тиешелүү колдоого ээ болбой калышат. Аялдардын укуктарын билбегени дагы чоң көйгөй жаратат. Бирок аял өз укугун коргош үчүн укук коргоо органдарына кайрылган учурда дагы алар жардамсыз калышууда.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму зомбулук – бул өзүнө же башка адамдарга, топторго, коомго каршы атайылап физикалык күчтү жана бийликти колдонуу, коркутуу, денеге залал келтирүү, өлүм, психологиялык травма, өнүгүүдөн артта калуу.

Кыргызстан CEDAW катышкан мамлекеттердин катарында. БУУнун Аялдарга карата басмырлоону жоюу комитети Кыргызстанга бир нече жолу сунуш берип, коомдук кризистик борборлорду колдоо, аларга имарат бөлүп берип, коммуналдык төлөмдөрдү төлөөгө жардам берүү сунуштарын берген, бирок бул сунуштар аткарылбай келет. Биздин өлкөдө 5,5 миллион калкка 13 коомдук кризистик борборлор жана 3 баш калкалоочу жайлар иштейт.

Кыргызстанга зомбулукка туш болгон аялдарга жардам берген мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жок. Коомдук кризистик борборлор аялдар жардам ала алган жалгыз жай болуп келүүдө. Бирок биз келечекте бардыгы жакшы жакка өзгөрөт деген ишеничтебиз.

Талкуунун катышуучуларынын баарына ыраазычылык билдирем!

Сандар сүйлөсүн:

  • · Аялдардын 83%ы күйөлөрүнөн жана өнөктөштөрүнөн зомбулук көрушөт.
  • · Аялдардын 29%ы психологиялык зомбулуктан сырткары физикалык зомбулукка туш болушат, сабалат, курал жана бычак менен коркутууга туш болушат;
  • · Зомбулукка туш болгон аялдардын 38%ынын ден соолугуна залака келтирилет;
  • · Турмуш курган аялдардын 24%ын ала качып кетишкен, алардын ар бир төртүнчүсү ажырашышкан, алардын ар бир экинчиси зомбулуктан улам адырашууга аргасыз болушкан;
  • · Аялдардын 15%ы ата-энесинин сөзүнөн чыга албай турмуш кургандар;
  • · Жыл сайын 7500-8000 аял Кыргызстандын кризистик борборлоруна кайрылышат.

«Кыргызстандагы кризистик борборлор ассоциациясынын» маалыматы.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.