«УКМКнын кызматкеримин» деген 1994-жылы туулган жаран кармалды, ал алдоо жолу менен элден акча алган

Окуялар тизмеги 17 Фев 2021 15:55
0 ой-пикир

Ысык-Көл облусунун 1994-жылы төрөлгөн тургуну өзүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматында иштейм, деп тааныштырып, жасалма документтер менен жүргөнү аныкталды.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 17-февралда билдирүү таратты.

Кармалган жаранга Жазык кодексинин 359-беренесинин 2-бөлүмү («Документтердин жасалмасы») боюнча сотко чейинки териштирүү иши ачылды.

Өзүн атайын кызматтын өкүлүмүн деп тааныштырган жаран кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен бирге иштеп, торуна түшкөндөрдү ири компанияларга жумушка орноштуруп берем, деп аларды алдап жүргөн.

Тергөө маалында жабырлануучулардан ири суммадагы каражат алынганы аныкталды. Алдамчылыкка шектелип жаткан жарандын машинесин тинтүү маалында Жогорку Кеңештин Аппаратынын кызматкеринин күбөлүктөрү, парламенттин имаратына кирүүчү документ, машиналардын эки жасалма номуру, визиттик карточка, Жогорку Кеңештин мөөрү жана уюлдук телефонунан УКМК кызматкеринин формасын кийген сүрөттөрү табылды.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.