Жашыруун шарттарда өсүмдүк баңгизаттарын өстүрүү жана өндүрүү менен алектенген тургун кармалды

Окуялар тизмеги 16 Фев 2021 20:35
0 ой-пикир

Жургүзүлгөн комплестүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында КРИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды сатуу менен алектенген жактын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан 59 жаштагы жергиликтүү жаран жашыруун шарттарда өсүмдүк баңгизаттарын өстүрүү жана өндүрүү менен алектенген.
КР КЖКнын 267-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) алкагында ИИОнун кызматкерлери тарабынан кармалган жарандын үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда, сарайынан сатууга арналган баңги каражаттар табылып алынган.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 2 кг 635 грамм «гашиш» баңги каражат алынган.
Учурда шектүү УКЖга киргизилип, сотко чейинки өндүрүү иштери уланууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.