Өмүрбек Суваналиев Баткенге губернатор болуп дайындалды

Окуялар тизмеги 15 Фев 2021 15:24
0 ой-пикир

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары, генерал Өмүрбек Суваналиев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бүгүн, 15-февралда аны облустук бийликтин жамаатына өкмөттүн аппарат башчысынын орун басары Айбек Жунушалиев тааныштырды.

Ошол эле маалда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматынын облусту башкармалыгына Кыялбек Төлөнбаев, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) облустук башкармалыгына Мурат Боронов, милициянын подполковниги Нурланбек Бурканов (Арзыбек Буркановдун бир тууганы) Баткен шаардык милиция бөлүмүнүн башчылыгына дайындалганы белгилүү болду. Облустук администрациянын буга чейинки жетекчиси Жаныбек Жалалов өкмөттүн аппаратынын башчысынын орун басары болду. Баткен районунун акими Каланбек Маркаев иштен бошоп, ордуна Акыл Орозов дайындалды. Облус башчысынын биринчи орун басары Жаркынбек Максутовдун ордуна Марип Тулаев келди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.