2020-жылы мыйзамсыз жүгүртүүдөн 4 тонна 335 кг баңгизаттары табылып, 1 миң 307 кылмыш жана укук бузуулар катталган

Окуялар тизмеги 15 Фев 2021 08:27
0 ой-пикир

Баңгизаттарга каршы күрөшүү багыты боюнча кемчиликтер бар, — деп айтылды ИИМдмн жыйынтыктоочу коллегиясында. Жалпылап айтканда, 2020-жылы кылмыштар менен жоруктардын бетин ачуу, өндүрүш иштерин жүргүзүү, аны сотко жөнөтүү 2019-жылга жылга караганда салыштырмалуу натыйжалуу болду. Бирок, ошого карабастан ИИМдин коллегияларында коюлган тапшырмалар, аппараттык кеңешмелерде кабыл алынган чечимдер толук кандуу аткарылбай калган учурлар да жок эмес. Ысык Көл, Нарын жана Чүй областында кылмыштар менен жоруктардын бетин ачуу, сотко жөнөтүү жана кылмышкерлерди издөө багытында кемчиликтер бар.

2020-жылы карата өлкөдө баңгизаттардын жүгүртүлүшүнө байланыштуу 1 миң 307 кылмыш жана укук бузуулар катталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 4 тонна 335 кг баңгизаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жана башка бангизаттары алынган.

2019-жылга салыштырмалуу сандык жана сапаттык жактан айырмачылыктар жана кемчиликтер бар экендиги айтылды.

Эске салсак,

2021-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын ИИМде ички иштер органдарынын 2020-жылдын 12 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиянын отуруму болуп өттү.
Коллегияга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Ички иштер министри, милициянын полковниги Улан Ниязбеков, ички иштер министринин орун басарлары, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын башчылары, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жана райондук шаардык бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.