Артем Новиков: “Биз өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын начарлашына алып келүүчү ар кандай коркунучтарды алдын алууга даяр болушубуз керек”

Окуялар тизмеги 13 Фев 2021 18:40
0 ой-пикир

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө эпидемиологиялык абал курчуп кетсе бардык медициналык мекемелердин ишин жөнгө сала турган планын иштеп чыгышы керек. Мындай талап 13-февралда коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков өткөргөн жыйынында коюлду.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйында республика боюнча коронавирус инфекциясынын жайылуу тенденциясы жалпысынан жайлап баратканы, ооруну жугузуп алгандарга караганда айыгып чыккандар көбүрөөк болуп жатканы, бирок дүйнөдө мутация болгон вирус аныкталганы жана ага каршы туруунун бардык чаралары көрүлүшү керектиги айтылды.

Артем Новиков “Биз өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын начарлашына алып келүүчү ар кандай коркунучтарды алдын алууга даяр болушубуз керек” деди.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, азыркы тапта Кыргызстанда коронавирус болуп ооруган бейтаптар үчүн ачылган 1985 орундун 459унда бейтаптар жатат, калганы бош турат. Дары-дармек, коргонуучу каражаттардын эки айлык запасы бар.

Сүрөт Кабар маалымат агенттигинен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.