ИИМдин Республикалык окуу борборунда окуудан өтүп жаткан талапкерлер ИИМдин КККнын Жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Окуялар тизмеги 12 Фев 2021 10:55
0 ой-пикир

2021-жылдын 11-февралында ИИМдин Ж.Шабиров атындагы республикалык окуу борборунун 3 айлык кайгуул-күзөт кызматына талапкер богон 18-окуу взводу административдик дициплиналар циклинин ага окуутучусу Джумагулов Равхаттын коштоосунда ЖУАБдын кызматкерлери менен биргеликте ИИМдин КККнын Жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча борборунун алып барган ишмердүүлүгүн тааныштыруу боюнча иш-чаралар алып барылды. Баардыгы болуп Ысык-Көл облусунун 4 районунан келген 15 талапкерлер ЖУАБдын 1 күндүк кызматы менен таанышышты.Таанышуу убагында ЖУАБда 4 жашы жете элек тарбияланып жаткандыгы жана алар менен профилактикалык мүнөздө кандай иш-чаралар өткөрүлө тургандыгы боюнча практика жүзүндө көрсөтүлдү. Андан тышкары ЖУАБдын психологу, дарыгери, эмгек адиси, алдын алуунун инспекторлору жана тарбиячылары жашы жете элктер менен алып барылган иштери менен тааныштырды. Экскурсиянын аягында республикалык окуу борборунун талапкерлери жана ЖУАБдын кызматкерлери менен биргеликте сүрөткө түшүштү.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.