Дин башкармалыгынын ишмердүүлүгү боюнча аудит жана салыктык текшерүү, ошондой эле тергөө иштери жүрүп жатат, — Финпол

Окуялар тизмеги 12 Фев 2021 20:36
0 ой-пикир

Финансы полициясы Аалымдар кеңешинин арызы боюнча козголгон кылмыш ишин тергеп жатат. 2020-жылдын декабрь айында Финансы полициясына Аалымдар Кеңешинен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүү жөнүндө билдирүү келип түшкөн. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде “коммерциялык уюмдагы же башка уюмдагы ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесинин кылмыш белгилери боюнча катталган.

Учурда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын ишмердүүлүгү боюнча аудит жана салыктык текшерүү, ошондой эле тергөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.