Ысык-Көлдө опузалап талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Окуялар тизмеги 11 Фев 2021 14:52
0 ой-пикир

Ысык-Көл ОИИБдин КМКнын уюшкан кылмыштуулука каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө – ыкчам иштеринин натыйжасында опузалап талап кылганга шектелип жаткан КР ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турушкан 3 шектүү кармалышты.

4-февраль күнү Ысык-Көл ОИИБдин КМКнын УКККБнын кызматкерлерине ыкчам маалымат түшүп, анда «Элдияр» аттуу бала өзүнүн эки танышы менен Түп районунун Шаты айылынын 32 жаштагы тургунуна келишип, опузалоо жолу менен андан 410 миӊ сомун жана 2 миӊ АКШ долларын тартып алышкан.

Аталган факты Түп РИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 203 берененин 2 бөлүгү (Алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан опузалап талап кылуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.      

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.