Улукбек Марипов өлкөдөгү коронавирус инфекциясы боюнча кеңешме өткөрдү

Окуялар тизмеги 11 Фев 2021 16:47
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов өлкөдөгү коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абал боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кеңешменин жүрүшүндө жалпы билим берүү мектептеринин жана бала бакчалардын ишин ырааттуу жандандыруу, калкты ыктыярдуу түрдө COVID-19дан массалык вакцинациялоого даярдык көрүү маселеси талкууланды.

Белгиленгендей, COVAX программасынын алкагында вакциналардын биринчи партиясы республикага үстүбүздөгү жылдын март айында алынып келинет, ал эми экинчи бөлүгү экинчи кварталда жеткирилмекчи.

Мындан тышкары, Россия Федерациясында жана Кытай Эл Республикасында чыгарылган вакциналарды пайдалануу маселеси иштелип чыгууда.

Өкмөт башчы Улукбек Марипов калкты, биринчи кезекте, билим берүү жана медицина тармагынын кызматкерлерин ыктыярдуу вакцинациялоо боюнча ишти ыкчам жана сапаттуу жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.