Араванда 42 жаштагы жарандын үйүнөн 1 кг ашуун гашиш баӊгизаты табылды

Окуялар тизмеги 11 Фев 2021 16:38
0 ой-пикир
 2021-жылдын 9-февралында Араван РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде Араван районунун Чек-Абад айыл аймагынын тургуну 42 жаштагы А.Ш.А.нын үйүнөн салмагы 1,060 кг. болгон өзгөчө жыты бар зат табылып алынган. Алынган затка соттук химиялык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча гашиш баӊгизаты экендиги аныкталган.
Учурда бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып тергөө иши башталды. Ал эми кылмышка шектүү 42 жаштагы А.Ш.А. Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.