Бактыбек Аманбаевдин талапкерлиги Кыргызстандын АКШнын элчилик кызматына сунуш кылынууда

Окуялар тизмеги 10 Фев 2021 13:19
0 ой-пикир

Өкмөттүк аппараттын мурдагы жетекчиси Бактыбек Аманбаевдин талапкерлиги Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы элчилик кызматына сунуш кылынып жатат. Бул тууралуу маалыматты 10-февралда Аманбаев өзү тастыктап, президент Садыр Жапаровдун макулдугу бар экенин, эми АКШ тараптан жооп болушу керектигин билдирди:

“Бул жактан АКШнын макулдугун сурайт. Алар менин талапкерлигимди карап, эки-үч ай ичинде уруксатын бериши керек. Эгер берсе, ошондо кетет. Бул маселе Садыр Нуркожоевич менен каралып, макулдугу берилди. Бирок маселе бул жактан чечилбейт, АКШда чечилет”.

Аманбаев 2013-2015-жылдары Кыргызстандын акыйкатчысы болуп иштеген. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясынан талапкер болгон. Өкмөттүн аппаратын ошол жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин быйыл февралга чейин жетектеди.

Учурда Кыргызстандын АКШдагы элчилигин Болот Отунбаев жетектейт.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.