Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери алдамчылыкка шектүү жаранды кармашты

Окуялар тизмеги 10 Фев 2021 15:03
0 ой-пикир

ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери алдамчылыкка шектүү жаранды кармашты

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери алдамчылыкка шектүү жаранды кармашты. Башында, ички иштер органдарына Ош шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылып, алдамчылык жолу менен олуттуу материалдык зыян келтирген жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.
Жабырлануучу билдиргендей, 2016-жылдын июнь айында автоунааны сатуу жана сатып алуу келишимин түзүшкөн. Сатуучу өзүнүн “Тайота-Превия” үлгүсүндөгү автоунаасын 180000 сомго баалаган, бирок сатып алуучу 50000 сомун гана берип, калган суммасын бир айдан кийин берем деп сөз берген. Андан соң, автоунаанын жаңы ээси изин жашырып кетип, бул автоунааны үчүнчү жакка сатып жибергени аныкталган.
Аталган факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) менен сотко чейинки өндүрүш башталган.
Жакында ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө ИИМдин Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери Ош облусунун Ноокат районунун аймагынан шектүү 1973-жылы туулган К.Ж. кармалып, тергөө органына жеткирилди. ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын маалыматы боюнча жаран К.Ж. УКТнын мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.