Руслан Казакбаев Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды

Окуялар тизмеги 09 Фев 2021 11:05
0 ой-пикир

2021-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында тараптар эки мамлекеттин жогорку жетекчилигинин катышуусу менен өтө турган эң жогорку деңгээлдеги иш чаралардын сапаттуу жана мазмундуу иштеп чыгууну талкуулашты, кыргыз-россия эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери жана алардын ичинде, COVID-19 пандемиясынын терс кесепеттерин жеңип чыгуу маселеси, эл аралык уюмдар жана регионалдык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүү боюнча ой пикирлер менен алмашышты.

Руслан Казакбаев кыргыз тарабы келе жаткан Кыргыз Республикасынын башчысынын Россияга иш сапарына чоң маани бергендигин билдирди. Анын айтымы боюнча, аталган иш сапар кыргыз-россия кызматташтыгына кошумча импульс берет жана союздаштык мамилелер жана стратегиялык өнөктөштүк рухундагы өз ара түшүнүшүү жана ишеним атмосферасындагы мындан аркы эффективдүү саясий өз ара аракеттенүүнүн негиздерин салууга мүмкүнчүлүк берет.

Кыргыз Республикасынын Тышкы саясий ведомствосунун башчысы келе жаткан тышкы саясий байланыштардын алкагында экономика, айыл-чарба, өз ара соода, энергетика, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай кооперация тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга ылайыктуу шарттарды түзүү маселелерин талкуулоого кыргыз тарабынын ниетин билдирди.

Россиянын элчиси кыргыз-россия эки тараптуу мамилелеринин күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча предметтик диалог өткөрүүгө россия тарабынын даярдыгын билдирди жана расмий Москванын кыргыз тарабы менен белгиленген бардык маселелер боюнча маалымдаарын билдирди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.