Каннабис тобундагы баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенгендерди кармоо боюнча атайын операция болду

Окуялар тизмеги 09 Фев 2021 18:20
0 ой-пикир

КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын
кызматкерлери тарабынан каннабис тобундагы баңгизаттарды ташуу жана
сатуу менен алектенген жактарды кармоо боюнча атайын операциясы
ийгиликтүү аяктады.
Бангизаттарды ташуу жана сатуу каналына бөгөт коюу боюнча өткөзүлгөн иш
-чаралардын натыйжасында 2021-жылдын 5-февралында болжол менен саат 02:00
чамаларында Жалал-Абад облусунун Токтогул айылынын Ош-Бишкек
автожолунда ИИМдин БМЖКККнын жана Токтогул РИИБдин ЖКККББнын
кызматкерлери менен биргеликте Б.У., аттуу жарандын башкаруусундагы
«Mitsubishi Delica» үлгүсүндөгү автоунаасы токтотулган.
Автоунаага кароо жүргүзүү учурунда алдыңкы жүргүнчүлүк ордунан рюкзактын
ичинен күкүрт формасындагы жапайы өскөн кара-куурай кендир жыты бар,
кара-жашыл түстөгү зат табылып алынган. Баардыгы 167 даана болуп
эсептелген.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык табылып алынган зат
салмагы 1 кг 937 граммды түзгөн «гашиш» баңги каражаты деп аныкталган.
Алынган маалыматтын негизинде баңги каражаттар Чүй облсунун 1983-ж.т.
Б.У., аттуу айдоочуга жана 1979-ж.т., С.М. аттуу жүргүнчүгө таандык
экени аныкталган.
Учурда баңги каражаттарды ташууга тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо
боюнча атайын ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.