Шектүү жарандан ири өлчөмдөгү ооган түспөлүндөгү баңгизаты табылды

Окуялар тизмеги 06 Фев 2021 13:21
0 ой-пикир

ИИМдин БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери шектүү жаранды ири өлчөмдөгү ооган түспөлүндөгү баңгизаты менен кармашты

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын ыкчам-издөө бөлүмүнүн кызматкерлери өзгөчө ири масштабда баңги заттарын таратуучу каналдарга бөгөт коюу жана баңгизат кылмышына тиешеси бар адамдарды кармоого багытталган атайын операция жүргүзүшүп, анын натыйжасында, ири өлчөмдөгү ооган түспөлүндөгү баңгизат кармалып алынды, — деп билдиришти ИИМдин Басма сөз кызматынан.
2021-жылдын 25-январында болжол менен саат 03:00 чамасында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын ыкчам кызматкерлери, “Шумкар” атайын багыттагы полктун кызматкерлеринин күч колдоосу менен Жазык кодексинин 267-беренесинин (Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз өндүрүү максатында сатуу) сотко чейинки тергөө амалдарынын алкагында, өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды мыйзамсыз сатууга шектелген 1974 жылы туулган жаран О.С. кармалган. Бул мурда соттолгон жарандан 3 кг 090 гр. салмактагы героин баңги заты табылган.
Андан аркы ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө ИИМ ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жана Мамлекеттик бажы кызматынын Оперативдүү бажысынын кызматкерлери менен биргеликте издөөчү итти колдонуп тинтүү иштери жүргүзүлүп, шектүүнүн жашаган жеринен баңгизаттардын башка түрлөрү табылды. Ал жерден ички иштер министрлигинин баңгизат менен күрөшүүчүлөрү 950 грамм салмактагы “гашиш” баңгизатын алышты. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.