Кубанычбек Жумалиев кармалды

Окуялар тизмеги 05 Фев 2021 09:03
0 ой-пикир

Коррупцияга шектелип депутат Кубанычбек Жумалиев кармалды, — деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, аталган комитеттин Коррупцияга каршы кызматы бийликтин эң жогорку эшелонундагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К. Жумалиевдин жана Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилигинин катышуусу менен, Эл аралык медициналык университетине билим берүү ишмердүүлүгүнө карата лицензия берүүдөгү туруктуу коррупциялык схема аныкталды.

​Такталгандай, Жумалиев, Жогорку Кеңештин депутаты жана ошол эле учурда Эл аралык медициналык университетинин чыныгы ээси экендиги, билим берүү жаатындагы мыйзам долбоорлорун лоббилдөө үчүн кысым көрсөтүү жана алардын саясий таасирин пайдалануу менен, билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү боюнчалицензияны мыйзамсыз алгандыгы аныкталды.

​Ошол эле учурда, лицензиялык комиссия белгиленген мыйзамдык талаптарга жооп бербегендиктен, алгач Эл аралык медициналык университетине лицензия берүүдөн баш тарткан. Бирок, министрликтин жетекчилигине К.Жумалиевдин таасири алдында, комиссиянын аталган корутундусу оң жагына өзгөртүлүп, Эл аралык медициналык университетине лицензия берилген.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.