Баш калаанын 4 районуна 1 миллион 400 миң көчөт отургузулат

Окуялар тизмеги 05 Фев 2021 12:11
0 ой-пикир

Бишкекте шаар көчөлөрүн гүл отургузуп кооздоого камылга көрүлө баштады. Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, январь айында «Бишкекзеленхоз» ишканасынын атайын күнөсканаларында түрдүү бир жылдык гүлдөрдүн үрөнү себилген. Азыр алардын баары көчөт болуп, отургузууга даярдалууда.

Апрель айынын орто ченинде алгач Жеңиш аянты кооздолот. Биринчи этапта 400 миң көчөт отургузулат.

Жалпысынан быйыл жазында борбор калаанын жашылдандыруу чарбасы шаардагы төрт районго 1 миллион 400 миң гүлдүн көчөтүн отургузууну пландоодо.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.