Толкунбек Абдыгуловду президент кабыл алды

Окуялар тизмеги 04 Фев 2021 14:18
0 ой-пикир

Садыр Жапаров бүгүн, 4-февралда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (КРУБ) төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

КРУБдун жана банк секторунун 2020-жылдагы ишинин алдын ала жыйынтыктары, ошондой эле 2021-жылга карата биринчи кезектеги пландары талкууланды.

Мамлекет башчысына экономиканын реалдуу секторун колдоо, коронавирус инфекциясы пандемиясынын таасири менен кесепеттерин жоюу боюнча чаралар тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле өлкөнүн каржы жана валюта рыногундагы азыркы кырдаал, улуттук валютанын алмашуусунун кескин өзгөрүүсүн жумшартуу чаралары жөнүндө айтылды.

Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, 2020-жыл бардык кыйынчылыктарга карабастан, ата мекендик каржы системасы үчүн жакшы көрсөткүчтөр менен аяктады:

— Улуттук банк инфляцияны орто мөөнөттүү көрсөткүчтөрүн 5-7%дын тегерегинде кармай алды;

— банк секторунда оң көрсөткүчтөр сакталды: насыялык портфель 11%га көбөйдү (162,6 млрд сомду түздү), банктагы депозиттер 19,9%га өстү (180,9 млрд сомду түздү);

— депозиттерди долларлаштыруунун деңгээли 42,9%ды түздү, насыяларды долларлаштыруу 32,9%ды туздү;

— 2020-жылдын ичинде алтынвалюта резерви 384 млн АКШ долларына өсүп, жыл соңунда 2 млрд 808 млн АКШ долларын түздү. Бул келечектеги 6 айлык импортту жабат;

— КРУБдун кирешеси рекорддук 8 млрд 484 млн сомду туздү.

Толкунбек Абдыгулов ошондой эле Улуттук банк экономиканын реалдуу секторун колдоого жалпысынан 9,6 миллиард сом бөлгөнүн айтты. Улуттук банк 2021-жылы банк системасынын туруктуулугун кармоо, төлөм системасын өнүктүрүү жана банк мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча иштерди улантууну пландап жатканы белгиленди.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.