Тилек Токтогазиев отставкага кеткенин клубда белгиледи

Окуялар тизмеги 04 Фев 2021 17:03
0 ой-пикир

Мурунку айыл чарба жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев отставкага кеткенин белгиледи. Видеону активист Айбек Уланов социалдык тармактарга жарыялады.

Кадрларда чиновник досторунун арасында “Звери” тобунун “Я ухожу красиво” деген ырын кандайча ырдап жатканы чагылдырылган.

Эске салсак, жаңы премьер-министр Улукбек Марипов өкмөттүн түзүмүн жана курамын тааныштырган, ага Эльвира Сурабалдиева, Тилек Токтогазиев жана Сыймык Жапыкеев кирген эмес.

Жаңы өкмөттө айыл чарба министрлигин Аскарбек Жаныбеков жетектейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.