Экс-президенттин жактоочусу Жыргал Бабаев: Сооронбай Жээнбеков Зилалиевдин ишинде фигурант дагы эмес, күбө да эмес

Окуялар тизмеги 04 Фев 2021 18:22
0 ой-пикир

Акыркы убакта ММКлар жана социалдык баракчаларда экс-президент С. Жээнбековго карата Д.Зилалиевдин тарапташтары аркылуу жалаа жабуу кампаниясы байкалууда, — деп билдирет экс-президенттин жактоочусу Жыргал Бабаев.
Экс-президент С.Жээнбековдун адвокаты катары дагы бир жолу бул боюнча позициямды билдирип кетейин:
Сооронбай Жээнбековдун бул ишке эч кандай тиешеси жок, ал Зилалиевдин ишинде фигурант дагы эмес, күбө да эмес.
Д. Зилалиевге карата чыгарылган өкүм апелляциялык инстанцияда каралып жатат.
Кылмыш ишинде экс-президенттин бул ишке болгон тиешеси боюнча кыпындай да кеп жок.
Д. Зилалиев кылмыш ишине саясий боек берүүгө аракеттенип жатат.
Дагы бир жолу расмий билдирем — Зилалиев банктагы акча Жээнбековдун шайлоо кампаниясына арналган дегени — жалган жалаа.
Буга чейин айтканымдай, Зилалиев бул банктын кызматы менен 2011-жылдан бери, С.Жээнбеков катышкан президенттик шайлоого чейин бир топ жыл мурда пайдаланып келген.
Сөз болуп жаткан ячейканы 2016-жылы июлда бир жылга ачкан. 2017-жылы июлда ячейканын мөөнөтү аяктап, аны улантуу же жабуу керек болгон. Эгер клиент өзүнүн ячейкадагы буюмуна келбесе, банк ячейканы жабат.
Банк комиссия түзүп, ячейканы ачкан, ал видеого тартылган. 2 жумадан кийин Зилалиев ячейкадагы акчаны алып кеткен.
Көрүнүп тургандай, ячейка Жээнбеков премьер кезинде эле түзүлгөн, ал кезде президенттике талапкер эмес эле.
Зилалиев эң эле кеч дегенде 2017-жылдын март айында банкка барган.
Анан кантип бул ячейка президенттик кампанияга арналган болуп калат?
Зилалиев сотто көрсөтүлгөндөй көптөгөн кымбат баалуу офис имараттарды сатып алган, кымбат баалуу особняк салып жаткан. Кайдан акча деген суроо орундуу.
Зилалиевге 2017-жылдын 24-ноябрь күнү милиция кызматкерине бомба коюлду деп, жалган маалымат берген учун УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, көп узабай мыйзамсыз баюу боюнча кылмыш иши кошумча козголгон.
Сооронбай Жээнбеков Зилалиевдин иши боюнча күбө эмес, боло да албайт.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.