Абдулла Арипов Улукбек Мариповду телеграмма аркылуу куттуктады

Окуялар тизмеги 04 Фев 2021 16:48
0 ой-пикир

Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов Улукбек Мариповго Кыргыз Республикасынын премьер-министринин кызматына дайындалышына байланыштуу куттуктоо телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Абдулла Арипов эки өлкө бакубаттуулугу үчүн көптөгөн багыттар боюнча өз-ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана чыңдоого ишенимин билдирди.

Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн башчысы Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Мариповго ден-соолук, бакубаттуулук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндөгү ийгиликтерди каалады.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.