КРнын Президентинин аппаратында 2021-жылдын январында 451 жарандын кайрылуулары боюнча иштер жүргүзүлдү

Окуялар тизмеги 03 Фев 2021 12:55
0 ой-пикир

 Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратында 2021-жылдын январында 451 жарандын кайрылуулары боюнча иштер жүргүзүлдү, — деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Маалыматка ылайык, алардын ичинде:

— Жазуу жүзүндө (электрондук) кайрылуулар — 382;

— Коомдук кабылдамаларда кабыл алынган жарандар — 40;

— «Ишеним телефондору» аркылуу кайрылган жарандар — 29 түздү.

Жазуу жүзүндө (электрондук) келген бардык 382 кайрылуулардын 375и Президенттин Аппаратына, ал эми калган 7 кайрылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы Коомдук кабылдамасына келип түштү.

Президенттин Аппаратына келип түшкөн 375 кайрылуулардын 239у (же 63,7%) көзөмөлгө алынды, алардын 37си аткарылды (15,5%), 202 жарандын кайрылуулары (84,5%) аткарылууда.

Ал эми, 136 кайрылуулар (36,3%) маселелеринин тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу, сот жана укук коргоо органдарынын кароосуна жиберилип, жыйынтыктары боюнча жарандарга жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы Коомдук кабылдамасына келип түшкөн бардык 7 жазуу жүзүндөгү кайрылуулар (100%) көзөмөлгө алынып, алардын 2 (28,6%) аткарылды, ал эми 5 арыз (71,4%) аткарылууда.

382 кайрылууну региондор боюнча бөлгөндө, эң көп арыздар, дооматтар жана сунуштар Бишкек шаарынын тургундарынан — 146 (38,2%) келип түштү. Ал эми, Чүй областынан — 65 (17,0%), Ош областынын жана Ош шаарынын жашоочуларынан — 39 (10,2%), Жалал-Абад областынан — 56 (14,7%), Ысык-Көл областынан — 31 (8,1%), Баткен областынан — 13 (3,4%), Нарын областынан — 13 (3,4%), Талас областынан — 9 (2,4%), КМШ жана башка өлкөлөрдөн — 10 (2,6%) жарандын кайрылуулары катталды.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.