Кызга айланып, тилемчилик кылган эркек кармалды

Окуялар тизмеги 03 Фев 2021 10:14
0 ой-пикир

Жалал-Абад ШИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан кыз келбетин жамынган эркек баланы аныктады. Ал Жалал-Абад шаарындагы жер астынан өтүүчү өтмөктө отуруп, жанындагы колонка аркылуу куран коюп, колуна сүрөт көтөрүп алган. Сүрөткө иниси ооруп жаткандыгын, аны чет өлкөдөн дарылатуу керектигин, бул үчүн акча каражаты жетпегендиктен кайдыгер эмес жарандардын жардам берүүсүн жазып алган.

Милиция кызматкерлери кызча кийинип тилемчилик кылып отурган эркек баланын өздүгүн аныкташты. Ал Ош облусунун, Кара-Суу районунун Нариман айылынын 2002-жылы туулган тургуну экени белгилүү болду. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө ал 6 бир тууган экендиги жана эч кандай иниси оорубай тургандыгы такталды.

Балага карата милиция тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жашаган аймагына жөнөтүлдү.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.