Финполиция ИИМге өтпөйт, — Улукбек Марипов

Окуялар тизмеги 03 Фев 2021 15:06
0 ой-пикир

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (Финпол) Ички иштер министрлигинин карамагына өтпөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр кызматына талапкер Улукбек Марипов билдирди.

Анын айтымында, учурда Финпол маселеси талкууланууда.

«Финполиция ИИМдин карамагына өтпөйт. Ал өзүнчө орган болушу мүмкүн. Бирок алардын текшерүүлөрүнө көптөгөн суроолор жаралууда. Финполдун функциясын карап чыгуу керек», — дейт ал. Улан Примов Финполиция Салык кызматынын алдында департамент катары түзүлүшү керектигин белгиледи.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.