Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нургазы Анаркуловдун пара талап кылуу фактысы боюнча тергөө иштери уланууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирет.
“Кылмыш ишинин алкагында А.Н.С. камакка алуу түрүндө эч кандай баш коргоо чарасы тандалган эмес, аталган кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш уланып жатат. Жүргүзүлүп жаткан тергөө иштеринин жыйынтыгында ага карата юридикалык баа берилет”, – деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Нургазы Анаркулов УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча кармалган болчу.
Кечээ, 1-февралда ал берген арызынын негизинде кызматынан бошотулган.
Сүрөт www