1-февралда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлчүлүгү тарабынан «Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү» белгиленди. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чарага Москвада эмгектенип жүргөн кыз-келиндер катышып, Ислам дини ыйманга, бийик адеп-ахлакка, билим алууга жана инсандык баалуулуктарды үйрөтөөрүн билдиришти.
«КМДБнын Орусиядагы өкүлчүлүгү энелер, кыз-келиндер арасында атайын окууларды уюштуруп, Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча буга чейин сынактарды дагы уюштуруп келген. Албетте, бул күндү утурлай «Жоолугум менин намысым» аттуу иш-чаранын уюштурулуусу аялзатына болгон камкордукту күчөтөт деп ишенем»,-деди Сүйүмбек ажы Жусубалиев.
Сүрөт www