Ош шаарынан келе жаткан унаадан баңгизаттын оор түрү табылды

Окуялар тизмеги 01 Фев 2021 11:30
0 ой-пикир

ИИМдин БМЖКККсы: Ош шаарынан келе жаткан унаадан баңгизаттын оор түрү табылды, — деп билдирет ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын кызматкерлери баңгизаттардын оор түрүн ташуу менен алектенүүчү каналга бөгөт коюу боюнча максаттуу ыкчам иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда.

2021-жылдын 26-январында ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында “Хонда Степвагон” үлгүсүндөгү автоунаа баңгизаттын оор түрүн Ош шаарынан Чүй облусуна ташып бара жатканы аныкталган.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, маршруттук таксинин айдоочусуна белгисиз жактар тарабынан Чүй облусунун Сокулук районунун айылдарынын бирине жеткирүү үчүн шек туудурган жүк берилген.
Жүктү алуу учурунда ИИМдин БМЖКККнын жана Токтогул районунун ИИБдин Тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, натыйжада саат 12.30дар чамасында Чүй облусунун жолунан жүктү берүү учурунда кылмышкер кармалган. Ал жүктү алуу үчүн буга чейин соттолгон, ИИМдин каттоосунда УКТнын мүчөсү катары турган 1988-жылы туулган А.А. аттуу жаран барган.
Ал жүккө кароо жүргүзүү учурунда кийимдеринин арасынан баштыкка оролгон уксус ангидриди жытына ээ болгон зат табылып алынган.
Криминалистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылган зат 15 граммды түзгөн “героин” баңгизаты деп табылып, шектүү кармалган.
Азыркы учурда аталган кылмышка тиешеси бар жактарды аныктоо боюнча сотко чейинки тергөө иштери уланууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.