«Өкмөт башчы болуп келсем чачым сиздикиндей агарат го деп ойлойм», — Улукбек Марипов

Окуялар тизмеги 01 Фев 2021 16:36
0 ой-пикир

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясында премьер-министр кызматына Улукбек Мариповдун талапкерлиги каралып, жактырылды.

Депутат Зарылбек Рысалиев: «5 жылда чачым агарды деп айттыңыз. Эмне кылып чачыңыз агарды? Кыйын иш болдубу?» — деп сурады.

Улукбек Марипов депутаттын суроосуна мындай деп жооп узатты:

 «Эсептөө палатасында буга чейинки жетекчилер иштебептир. Менин ага чейин эле чачым агарган болчу. Өзгөчө Эсептөө палатасына туруштук берип иштөө кыйын. Бирок азырынча чачым сиздикиндей агара элек. Өкмөт башчы болуп келсем чачым сиздикиндей агарат го деп ойлойм», — деди.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.