Эрулан Көкүлов алдыдагы парламенттик шайлоого катышат

Окуялар тизмеги 01 Фев 2021 08:19
0 ой-пикир

Журналист, блогер Эрулан Көкүловдун алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу ниети бар. Бул тууралуу ал «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Саясатка баруум саясатчы болуу үчүн эмес. Депутат болсом, учурда аткарып жаткан иштер бир аз жеңилирээк болмок. Санэпидкөзөмөл борборуна жетекчи болуу боюнча кайрылуума жогору жактан реакция болгон жок. Мен бир да протокол жазбай, эч кандай айып салбай эле оңдодум. Элге билинбегени менен өзгөрүү бар экенин көрүп жатам», — дейт Көкүлов.

Ал адам колунан келген нерсесин жасашы керектигин белгилеп, Санэпидкөзөмөл борборун жетектөөгө даяр экенин айтты.

Көкүлов «Реформа» саясий партиясынын катарынан кеткенине 2-3 айдын жүзү болгонун кошумчалады.

Марал маалымат агенттигинен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.