Билим министринин милдетин аткаруучу ордунда калды

Окуялар тизмеги 01 Фев 2021 13:36
0 ой-пикир

Билим берүү жана илим берүү министринин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиев өзүнүн кызмат ордунда калат. Бул тууралуу парламенттин көпчүлүк коалициясынын жыйынында премьер-министрлик кызматка талапкер Улукбек Марипов билдирди.

Марипов Бейшеналиев тууралуу жакшы ойдо экендигин айтып, ал кызматында каларын белгиледи.

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Алмазбек Бейшеналиев кызматынан бошотулушу мүмкүн экендигин билдирген. Анын ордуна Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректорунун талапкерлиги сунушталганы да айтылган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.