Баш мыйзамдын жаңы долбоору Жогорку Кеңешке жибериле элек

Окуялар тизмеги 01 Фев 2021 13:20
0 ой-пикир

Президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилип жазылган Баш мыйзамдын жаңы долбоору Жогорку Кеңешке жибериле элек.

27-январда Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү көпчүлүк добуш менен Баш мыйзамдын жаңы долбоорун кабыл алышкан. Бекбосун Бөрүбашев ага алымча-кошумчалар киргизилип эки-үч күндүн ичинде Жогорку Кеңештин талкуусуна жиберилерин айткан.

Юристтер баш мыйзамда бийлик бутактарынын арасындагы тең салмактуулук жоголуп, президент институту жада калса мыйзам чыгарууга чейин кирип кетип жатканын айтышууда.

Алар белгилегендей, ошондой эле сөз эркиндиги коркунучта.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.