Түркистан-Шымкент-Ташкент багытында ылдам жүрүүчү поезд жолунун курулушу башталат

Окуялар тизмеги 31 Янв 2021 08:15
0 ой-пикир

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Түркстан шаары менен Өзбекстандын баш калаасы Ташкенттин ортосунда жогорку ылдамдыктагы поезд жолунун курула тургандыгын билдирди.

Премьер-министр Аскар Мамин жыйында Казакстанда быйылкы жылы туризм тармагында жалпы наркы 1,1 триллион теңге (2,6 миллиард доллар) болгон инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн иш-аракеттердин башталаарын маалымдады.

Өзгөчө өлкөдөгү туризм инфраструктурасын чыңдоо үчүн маанилүү кадамдардын таштала тургандыгын белгилеген Мамин, Казакстандан Өзбекстанга ылдам жүрүүчү поезд жолунуну курула тургандыгын билдирди.

Мамин бул жогорку ылдамдыктагы поезд жолун Түркстан менен Ташкентти байланыштырган багытка курууну пландаштыргандарын баса белгилеп: «Туристтердин санын көбөйтүү максатында Түркистан-Шымкент-Ташкент багытында ылдам жүрүүчү поезд жолунун курулушу башталат»,-деди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.