Жаңы шайланган президент Садыр Жапаров британиялык абройлуу Financial Times басылмасына маек курду.
Ал жарандык коом аны бийликти узурпациялоого аракет кылган деп негизсиз айыптап жатат деп эсептейт.
«Мен Кыргызстандагы каталарды оңдоо жоопкерчилигин алдым. Мен өзүмө толугу менен ишенем жана диктатураны калыбына келтирбейм. Мен демократиялык адаммын. Мен диктатура деген эмне экендигин билем. Мен акыйкатсыздык деген эмне, мыкаачылык жана мыйзамсыздык эмнени билдирерин билем », – деди президент.
Мага чейин коррупция кеңири кулач жайган. Бюрократия жана пара талап кылуу болгон. Мен паракорчулукту жоюп, бюрократияга чекит коё алам деп ишенем.
Садыр Жапаровдун айтымында, долбоору даярдалып, бирок парламентке сунуштала элек жаңы Конституцияда президенттин мөөнөтү алтыдан беш жылга чейин өзгөртүлүп, бир кишинин мөөнөтү экиге чейин көбөйтүлгөн.
“Жаңы документ Кыргызстандын светтик республика статусун өзгөртпөйт жана чет элдик инвестицияларды коргоо боюнча катаал чараларды камтыйт”, – деди президент.
Сүрөт интернеттен алынды