Пандемияда тамакка кеткен акчанын суммасы айтылды

Окуялар тизмеги 31 Янв 2021 12:06
0 ой-пикир

Кыргызстандын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штабдын 2020-жылдын 24-мартындагы жана 2020-жылдын 6-апрелиндеги Протоколдук тапшырмаларына ылайык, 2020-жылдын 4-февралынан 2021-жылдын 28-январына чейин жалпы госпитализацияда жаткан 40 миң 944 жаранга 11 03072 порция тамак берилип, кеткен чыгым 76 млн 149 миң 100 сомду түздү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жалпы тамак ашка кеткен каражаттар:

№ к/н Аймактын аталышы Адамдын саны Порциянын саны Акча каражат (сом)
Бишкек шаары 14 801 30 380 900
Ош шаары 18 378 400
Чүй облусу 28 114 4 495 700
Ысык-Көл облусу 22 464 1 404 000
Нарын облусу 2 977 500
Талас облусу 34 920 1 876 500
Ош облусу 19 5785 6 502 900
Жалал-Абад облусу 3 002 79 103 5 009 100
Баткен облусу 65 576 2 437 400
33 973 2 686 700
10 96456 76 149 100

Министрликтен кошумчалашкандай, бир күндүк тамак–ашка кеткен чыгымдын болжолдуу орточо баасы 150 сомдон жогору.

2020-жылдын 6-июлундагы №63 оперативдүү штабынын Протоколдук тапшырмасы менен министрлик тарабынан кызыл зонада кызмат кылып чыккан кызматкерлерге тамак-аш менен камсыздалууда:

— медицина кызматкерлерине – 9 376;

— ИИМ кызматкерлерине – 353;

— ӨКМ кызматкерлерине – 411.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.