Садыр Жапаров: «Кызмат орундарын же башка бир маселесин чечүү максатында колдонуп жүргөндөрдүн бети ачылып жатат”

Окуялар тизмеги 30 Янв 2021 14:19
0 ой-пикир

Президент Садыр Жапаров жеке маселесин чечтирип алгысы келгендерге алданбоого жана бул тууралуу атайын органдарга маалымат берүүгө үндөдү.

Садыр Жапаров бул тууралуу “Фейсбуктагы” аркылуу жалпы кайрылды.

Мамлекет башчы 6-октябрдан бери миңдеген жарандар менен сүрөткө түшкөнүн айтып, алардын көпчүлүгүн тааныбай турганын билдирген.

“Айтайын дегеним, мени менен түшкөн сүрөтүн көрсөтүп, кызмат орундарын же башка бир маселесин чечүү максатында колдонуп жүргөндөрдүн бети ачылып жатат”, — деп жазды Жапаров.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) президенттин аппаратынын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы (А.Н.С.) ири суммадагы пара талап кылууга шек саналып кармалганын кабарлаган.

Президенттик аппарат жана кылмышка шектүүнүн жакындары УКМКнын аракети тууралуу комментарий бере элек.

Сүрөт Фейсбуктан алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.