Атмосферадагы РМ микробөлүктөр 200дөн ашкандан кийин сыртта беткап кийүүнү сунуш кылынууда

Окуялар тизмеги 29 Янв 2021 17:31
0 ой-пикир

Бишкектин абасы дагы эле таза эмес. «World Air Quality» индекси боюнча 29-январда Бишкек дүйнөдөгү абасы эң булганыч шаарлардын сап башында турат.

Абадагы уулуу заттардын өлчөмү 248 микробөлүк болуп жатат. 28-январда бул көрсөткүч 531 микробөлүк эле.

Бишкектен кийинки орунда Бангладештин Дакка шаары, андан соң Индиянын Дели шаары турат. Абадагы РМ микробөлүктөр 50дөн ашса булганыч деп саналып, 150дөн ашканда адамдын саламаттыгына кооптуу болот.

Адистер бул көрсөткүч 200дөн ашкандан кийин сыртта беткап кийип жүрүүнү сунуш кылышууда. Мындай булганыч аба дем алуу, жүрөк, кан тамыр илдеттери менен ооруган адамдар үчүн кооптуу.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.