Коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектүү катары кармалган мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевден Бишкектеги 100 батирге байланыштуу айып алынды.
Бул тууралуу адвокат Данияр Эркимбаев 28-январда сот Абылгазиевдин бөгөт чарасын аныктагандан кийин журналисттерге билдирди.
«26-январдагы биринчи суракта Бишкектеги «Залкар курулуш» компаниясынын 100 батири Асылбек Абылгазиевге таандык деген айыпка (мурдагы премьердин тууганы) байланыштуу суроо берилди. Ал суракта баарын түшүндүрүп бергенден кийин бир күн ичинде кошумча текшерүү жүрүп, анын натыйжасында батирлер боюнча коюлган айып алынды. Бул фактылар Абылгазиевди мыйзамсыз баюу боюнча айыптоого жетиштүү далил жок экенин көрсөттү», — деди Эркимбаев.
Эркимбаев мурдагы премьердин бөгөт чарасы боюнча сот чечимине каршы жогорку инстанцияга даттана турганын кошумчалады.