Коррупция боюнча Кыргызстан 2015-2020-жылдар аралыгында 28ден 31 баллга жогорулады

Окуялар тизмеги 28 Янв 2021 17:18
0 ой-пикир

Коррупциянын деңгээлин изилдеген «Transparency International» эл аралык уюму жарыялаган жаңы баяндамага ылайык, Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 124-орунду ээледи. 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 31 балл алып, Кения, Мексика жана Пакистан менен бирдей орунга коюлду.

100 баллдын ичинен эң жогорку көрсөткүчкө ээ болуп, 88 балл алган өлкөлөр –Дания жана Жаңы Зеландия. 85 баллдан Финляндия, Сингапур, Швеция жана Швейцария өлкөлөрү алышты.

Ал эми эң аз (12) балл алып, абдан коррупциялашкан өлкө аталгандар – Түштүк Судан жана Сомали.

Коңшу республикалардан Казакстан 34 балл алып, 113-орундан 94-орунга көтөрүлдү. Өзбекстан да позициясын жакшыртып, 26 балл, ал эми Тажикстан былтыркыдай эле 25 балл алды.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.