Аида Исмаилова сурак берип чыкты

Окуялар тизмеги 26 Янв 2021 17:53
0 ой-пикир

Мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) сурак берип чыкты. Ал сурак маалында эмне сөз болгону тууралуу журналисттерге маалымат берген жок.

Бирок ал коронавирус күчөгөн кездеги гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча дооматтарга жана өзүнө карата айтылып жаткан мекеме аралык комиссиянын бүтүмдөрүнө макул эмес экендигин айтты:

«Биз оору күчөгөн кезде күнү-түнү тынбай иштедик. Эч кандай ката кетирдик деп ойлобойм, жоопкерчиликтүү да эмесмин. Мага карата иш козголсо, анан ошонун негизинде жоопкерчилик каралат да».

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.