Абдил Сегизбаев «Белизгейт» фактысы боюнча камалды

Окуялар тизмеги 26 Янв 2021 08:16
0 ой-пикир

Башкы прокуратура 10-январдагы президенттик шайлоодо талапкер болгон УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев «Белизгейт» фактысы боюнча камалганын билдирди.

Мекеменин 25-январдагы маалыматында УКМК менен Аскер прокуратурасынын биргелешкен иликтөөсүндө Сегизбаевдин күнөөлүү экени боюнча далилдер табылганы айтылат. Ал Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») негизинде кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалганы жазылган.

Учурда сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Сегизбаевден башка шектүүлөрдү аныктоо иштери жүрүп жатканы кабарланды.

Башкы көзөмөл органынын билдирүүсүнө караганда, 14-январда «Белизгейт» боюнча мурдагы депутат Алмамбет Шыкмаматов жана башка адамдардын кайрылуусу менен иш Жазык кодексинин 320-беренесинин негизинде сотко чейинки териштирүүгө алынган.

Бүгүн Сегизбаев УКМКда бир нече сааттан бери сурак берип жатканы кабарланган.

Ошондой эле «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы лидери, депутат Шыкмаматовдун «Белизгейт» боюнча мурда Башкы прокуратурага жазган арызы кайрадан тергелип жатканы белгилүү болгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.