Жанна Араева: «…аялдарга карата зомбулук дайыма болуп келген…»

Аналитика, Интервью, Окуялар тизмеги 25 Янв 2021 20:03
0 ой-пикир

Аскар Атабаев атайын Elgezit.kg үчүн

Аялдардын укуктарын коргогон айымдар коркутууларга туш болорун билдиңер беле? Ар бир иш-чарадан кийин аларга коркутуу каты жазылган, каргаган, жаман нерселерди каалаган, “силер тозокко түшөсүңөр” деген ондогон билдирүүлөр келет. Биз аялдарды басмырлоого каршы болгон айымдардын бирин кепке тарттык. Редакциянын суроолоруна Бишкек Феминисттик Демилгелеринин (БФД) программалык координатору Жанна Араева жооп берди.

— Жанна, бизде гендердик зордук-зомбулук кеңири жайылгандыгын алгач качан түшүнгөнүңүздү айтып бериңиз?

— Тилекке каршы, муну бала кезимде эле түшүнгөм, аялдар жана кыздар басмырлоого туш болорун билгем, өзгөчө мектептен классташтарым жана коңшуларым айтып берген окуялардан кийин биле баштагам. Үйлөнүп жаткан жигитке аялын тарбияласын деп камчы белек бериши керектиги тууралуу тамаша дайыма айтылып келет эмеспи. Виктимблейминг, слатшейминг жана зомбулук көрсөткөндөрдү актоо бардык жерде кезигет. Зомбулук көйгөйү дароо эле пайда боло калган жок, аялдарга карата зомбулук СССР маалында деле, 90-жылдары, 2000-жылдардын башында деле бар болчу, бирок жаш өткөн сайын бул чоң көйгөй экенин түшүнүп баштайт экенсиң. Интернеттин, көз карандысыз ММКлардын жана социалдык тармактардын өнүгүүсү менен катар эле зомбулукка байланыштуу окуялар коомчулукка жайылып, талкууга алына баштады, ошондуктан азыр зомбулук көбөйгөндөй сезилип жатат. Аялдарга карата зомбулук бар экени мен үчүн ачылыш болгон жок, бирок жарандык коом уюмдарында иштеп баштагандан бери көйгөйдүн масштабдары белгилүү боло баштады.

— Буга байланыштуу кандай чараларды көргүңүз келди?

— Активист болгон бардык эле адам жеке укуктары, адилеттүүлүк жана акыйкаттык үчүн күрөшөт эмеспи. Тилекке каршы, биздин өлкөдө адилеттүүлүккө, демократиялык процестерге ишенүү кыйын, ошондуктан биздин өлкөдөгү процесстер жарандык коом тарабынан демилгеленет, активисттерди кандай жамандашпасын, батыштан гранттарды алып жатышат деген мифтерди ойлоп табышпасын, баалуулуктарды жоготушту деп күнөөлөшпөсүн дал ушул жарандык коом бар үчүн адамдын укуктары аз да болсо корголуп келе жатат. Албетте, баарын дароо эле өзгөртүп салгың келет, бирок элдин түшүнүүсү үчүн убакыт керек, ошондуктан биздин уюм аялдардын укуктары бузулуп жатканын, бул коомдун өнүгүү жолундагы чоң тоскоолдук экенин элге жеткирип, болушунча көп маалымат берүүгө аракет кылып келет.

— Сиздин оюңузча эмнеге бизде азыркыга чейин үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөндөрдү актап, жабырлануучуларды күнөөлөп, алар ушундай мамилеге татыктуу деп келишет?

— Виктимблейминг – аялдардын жүрүм-туруму туура эмес деп күнөөлөө патриархалдык көүнүштөн улам келип чыгат, бул коомго сиңип калган жана дайыма салтка байланыштырып келишет, ошондой эле динди туура эмес жеткиргендер да бар. Патриархалдык коомдо аялдарды буюм сыяктуу көргөндөр да жок эмес жана айрым аялдар буга жол берип келишет.

Мизогиния маданияттын бир бөлүгү болуп калган жада калса, фольклордо да бар. Кыргыз коомчулугунда аял — бул функция, объект, ал максаттары жана көз-караштары бар тең укуктуу адам эмес, ошондой эле адам катары ал “кожоюнга” — эркекке каршы чыгууга укугу жок. Аны менен катар эле биздин патриархалдык коомдо көп убакыттан бери гендердик стереотиптер бар, анын алкагынан чыгууга аракет кылсаң болду аялдар дагы, эркектер дагы жинденип баштайт. Аялдарга карата мындай мамиленин себептерин көпкө талкууласа болот жана бул тууралуу көптөгөн китептер, макалалар, илимий иштер жазылган, менин оюмча негизги көйгөй биздин өлкөдө аялдарды тең укуктуу адам катары санашпаганында, ал эми басмырлоонун деңгээлин билүү үчүн жөн гана аял дагы адам экенин эстен чыгарбоо керек. Ошондо гана гендердик стереотиптердин жана ала качуу сыяктуу салттардын натыйжасы кандай болуп жатканын билүүгө болот. Ала качуу бул малга жасалган мамиледен дагы жаман нерсе жана аны салтка байланыштыруу туура эмес.

Дагы бир көрүнүш бул аялдар сөзсүз эркектерге турмушка чыгуусу керек деген түшүнүк. Башкача айтканда, кыздарга кичине кезинен эле толук кандуу адам эмес сыяктуу сезим калтырышат, үйүңдө убактылуу жашайсың дешет, эркекке баш ийүү керектиги айтылат – кыскасы, патриархалдык эрежелер үйрөтүлөт. Натыйжада бул эрежелерге баш ийбөө туура эмес деген түшүнүк калыптанат, бул эрежелер туура эмес жана заманбап жашоодо такыр керексиз. Менимче, өзгөрүүлөрдү кабыл албоо башкаруучу патрирахалдык күчтөрдүн саясаты жана аялдар толук кандуу адам экенин кабыл албаган салттарга да байланыштуу. Эгерде коом аялдарды толук кандуу адам катары кабыл алса, аларга эч ким турмушка чык дебейт эле жана көптөгөн аялдар билим алууну, карьераны тандап, көз карандысыз болуп, жаман мамилеге чыдашпайт болчу, эгерде мамлекет жана коом аларды колдоп турса анда биз эбак эле экономикалык жактан дагы, социалдык жактан дагы өнүккөн өлкө болмокпуз.

— Силердин уюм (БФД) үй-бүлөлүк зомбулукка каршы кандай чараларды көрүп келет?

— Биздин уюм билим берүү жана агартуучу иштер менен, жарандык активдүүлүк менен иштеп келет, биз зомбулуктан жабыркагандарды коргоп жөө жүрүштөргө, митингдерге чыгып келебиз, аялдарга алардын укуктары тууралуу айтып беребиз жана феминизм тууралуу маалыматтарды жайылтабыз. Биздин максаттарыбыздын бири –аялдарды басмырлоо көйгөйүнө коомдун көңүлүн буруу. Аялдар басмырлоого унчукпай койбой, укуктарын билип, басмырлоо менен күрөшүүсү абдан маанилүү. Алар менен болуп жаткан окуяларды патриархалдык көз караш менен карабай, жеке укуктары үчүн күрөшүү, аялдардын укуктары үчүн күрөшүү керектиги маанилүү.

— Кризистик борборлорду кошпогондо үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандарды ким жана кандай жол менен колдоого даяр?

— Кризистик борборлордон сырткары бир катар өкмөттүк эмес уюмдар бар, алар зомбулуктан жабыркагандарга укуктук жана психологиялык жардам берип келишет. Бирок бул көйгөй менен түздөн-түз иштешкендер кризистик борборлор, бирок аймактарда жашагандар колдоо алуу үчүн аялдардын укуктары тармагында иштеген уюмдарга кайрылышса болот. Бул тармакта иштеген уюмдардын тармагы бар, жана бул тармактын ичиндеги уюмдар жана активисттер маалыматтар менен бөлүшүп, кайрылууларды бири-бирине жөнөтүп, үй-бүлө мүчөлөрүнө жардам берүүгө аракет кылып келишет.

— БФДда аялдар өз укуктары менен күрөшүүсү үчүн жылуу мамилени кантип түзө алдыңыздар?

—БФД көптөн бери иштеп келет жана курбу башка курбусуна жардам берүүсү керек, биргелешип көйгөй менен күрөшүү керек деген салт калыптанып калган. Активситтер үчүн моралдык колдоо алуу маанилүү, ошондуктан биз аялдардын укуктары үчүн күрөшүү маанилүү экенин түшүнгөн, өз укуктарын билгиси келген айымдар, бир багытта ойлонгон кыздар менен жолугушууларды көп уюштурабыз. БФДнын негизги максаттарынын бири аялдар үчүн коопсуз мейкиндик түзүү, анда алар бири-бири менен идеялары, көз караштары тууралуу пикир алмашып, колдоо таап турушат.

— Четте туруп, “мен бул көйгөйгө кабылбайм” дегендерге иштеген жериндеги кысымдарга каршы, аялдарга карата зомбулукка каршы күрөш маанилүү экенин кантип түшүндүрөт элеңиз?

— Аялдарды басмырлоого эртели кеч көпчүлүк кабылышы толук мүмкүн. Тилекке каршы, биздин өлкөдө аялдар коргоосуз калууда. Айрымдар мен мындай көйгөйгө кабылбайм деши мүмкүн, бирок чындап ал башына келгенде кеч болуп калат. Коомчулук эркектердин кандай аракеттери болбосун актай берет, бирок өз укуктарын коргоо тууралуу ой аялдарга канчалык эрте келсе басмырлоо менен күрөшүү ошончолук жеңил болот. Патриархалдык эрежелер менен ойноо коргойт деп айтуу кыйын, ал болгону эркиндикти чектейт.

— Гендердик теңсиздик менен күрөшүп жатып сиз кандай чечимге келдиңиз?

— Чечимдер абдан көп жана күн сайын толукталып жатат: эң негизгилери өзүндү аёо, жеке мейкиндигиңди коргоо; аялдарга эмне зарыл экенин алар өздөрү гана чечет; активизм, жөө жүрүштөр, митингдер, акциялар абдан маанилүү; аялдарды өлтүрүп жатышса акылдуу, назик бололу деген болбойт. Басмырлоого активдүү түрдө каршы туруу менен гана укуктар бекемделет. Аялдар бул калктын жарымы жана биз биригип, өзүбүздү жана аялдарды колдосок эч ким бизди таарынта албайт.

— Сиздин оюңуз боюнча, жалпы коомубуз үчүн гендердик теңсиздик көйгөйүн четке кагуу жана аялдарга (кыздарга) карата зомбулуктун көбөйүшү кандай кесепеттерге алып келет?

— Мен зомбулук көбөйдү деп ойлойбойм, болгону ал маалыматтар көп жайыла баштады жана бул дагы теңсиздик менен күрөшүүгө болгон кадам. Басмырлоо коомдун бузулуусуна алып келет жана анын кесепетинен улам калктын жашоо деңгээли төмөндөйт: калкынын жарымынын укуктары корголбогон өлкө өнүкпөйт, аялдары билимсиз болгон, адилеттүүлүк орнобогон, ден-соолугуна кам көрбөгөн, коом өнүкпөйт.

Коомдун ар бир мүчөсү өз потенциалын өнүктүрө алган жана тандоо эркиндиги бар коомдо гана өнүгүү тууралуу сөз кылууга болот. Бизде демография тууралуу айтканды, көп бала төрөш керек дегенди жакшы көрүшөт, ар кандай социалдык төлөмдөр берилерин убада кылышат, бирок үй-бүлөнү пландоо, бойго бүтүүдөн сактануу сыяктуу маалыматтар жокко эсе. Эгерде биз азыр гендердик теңсиздик менен күрөшпөсөк анда коопсуз жай издеп, жакшы жашоону эңсеп, чыгармачылык жактан өнүгүүнү самап чет жакка кеткендердин саны көбөйөт.

— Пандемия башталгандан бери үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган жана үй иштерин тынымсыз жасап, мектептер иштебегени үчүн үйдө отурган балдарды кароодон улам психологиялык стресске кабылган аялдардын саны көбөйдү. Аларга кандайча колдоо көрсөтөт элеңиз?

— Сиз жалгыз эмес экениңизди эстен чыгарбаңыз дейт элем. Биз биргебиз жана күчтүүбүз. Көйгөйүңөр тууралуу үн катпай отура бербегиле, колдоо издегиле, бириккиле, чыдап, коркуп отура бербегиле. Сизди эч ким түшүнбөйт деп ойлобогула, айланаңызда сизге колдоо көрсөтүүгө, жардам берүүгө даяр көп айымдар бар. Кайсы бир аял колдоого муктаж болуп турса кайдыгер карабагыла, бири-бирибизге жардам берүү абдан маанилүү. Бириккенде гана биз зомбулукка каршы тура алабыз. Ошондой эле тынчтык жүрүштөрү, митингдер аркылуу өзүңдүн талабыңды билдирип, саясий процесстерге активдүү катышуу, демилгелүү топторду түзүү өтө маанилүү.

Сүрөт: БФД

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.