УКМК: курулуш иштерин мыйзамсыз жүргүзүп келген ири курулуш компаниясы аныкталды

Окуялар тизмеги 25 Янв 2021 17:17
0 ой-пикир

Борбор калаада тиешелүү кызматтардын колдоосуна ээ болуп алып, узак убакыттан бери курулуш иштерин мыйзамсыз жүргүзүп келген ири курулуш компаниясы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

“Жооптуу жогорку кызматтагы кызматкерлер жана иштеп чыгуучулар тарабынан жасалган мындай аракеттер келечекте жашоочулардын ден соолугуна жана жакын жайгашкан турак үйлөргө техногендик кырсыктын жогорку тобокелдиктерин жаратат. Бул көп кабаттуу үйлөрдүн жайгашуусунун дал келбестигинен улам Бишкек шаарынын экологиялык абалынын курчушун, абада чаңдын көбөйүшүн шарттайт”, — деп жазылат маалыматта.

Маалыматка караганда, мыйзамсыз курулган объектилер коммуналдык кызматтарга белгиленген ченемдерди бузуу менен кошулган.

Мыйзамсыз курулган имараттар, курулуш компаниянын эсебинен эч кандай компенсация төлөнбөстөн милдеттүү түрдө бузулушу мүмкүн экени айтылды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.