Садыр Жапаров чет өлкөгө алгачкы сапарын Орусиядан баштайт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Равшан Сабиров бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин тармактык комитеттердин биргелешкен жыйынында айтты.
«Садыр Жапаровдун биринчи сапары Орусияга болгону турат. Биз алдын ала биринчилерден болуп ушул газ маселесин коюп жатабыз. Эгерде бул маселелер боюнча сүйлөшүү ишке ашса биздин элибизге бир топ жеңилдик болот деген үмүт бар».
Вице-премьер-министр Равшан Сабиров Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин “Бишкек шаарында абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндөгү” маселени талкуулаган жыйынына катышкан.
Сүрөт интернеттен алынды