2020-жылы Кыргызстанда кырк миң киши каза болгон

Окуялар тизмеги 25 Янв 2021 09:30
0 ой-пикир

Кыргызстанда 2020-жылы 40 001 адам көз жумду. Мамлекеттик каттоо кызматы билдиргендей, бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу 6684 адамга көп.

2019-жылы түрдүү себептер менен 33 317 адам жашоо менен кош айтышкан.

2018-жылы дүйнөдөн кайткан кыргызстандыктардын саны 33 миңден ашкан эмес. Саламаттык сактоо тармагындагы адистер адам өлүмүнүн көп болушуна коронавирус пандемиясын, ыштын таасирин жана өлкөнүн медицинасынын чабалдыгын себеп катары көрсөтүп жатышат.

Расмий маалымат боюнча, өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан көз жумгандардын саны 1400гө, илдет жугузуп алгандар 83 900 кишиге жетти.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.