Бишкек шаардык мэриясы бактарды мыйзамсыз кыйган

Окуялар тизмеги 23 Янв 2021 19:14
0 ой-пикир

Муниципалитетке айып пул салынды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

 “18-январда Пригородное айылынын айылдык кеңешинин администрациясы Мамэкотехинспекциянын Аламүдүн жана Ысык –Ата райондору боюнча аймактар аралык башкармалыгына арыз менен кайрылган. Айтылган фактыны текшерүү учурунда, испекторлор айылдык кеңештин аймагында Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 17 бактын мыйзамсыз кыйылгандыгын аныкташкан”,-деп билдиришти мекемеден.

Келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн муниципалитетке 36 миң 67 сом айып пул салынгандыгы белгиленди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.